Кочкор районунда айдоочуларга бааны көтөрүүгө тыюу салыды

Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкекке баруунун жол киресин эки эсеге көтөргөн айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (250 сомдон 500 сомго чейин). Кочкор районунун акими Темирболот Абыкеев Кочкор – Бишкек каттамында жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар менен жолугушту.

Ал тарифтер эч кандай себепсиз көтөрүлбөш керектигин баса белгиледи жана мындан ары РОВДнын кызматкерлери жана салык инспекциясы бааларды жана маршруттарды көзөмөлдөп турарын кошумчалады.

Жергиликтүү ташуучуларга 3 талап коюлган:

  • жүргүнчүлөр патент менен гана ташылышы керек,
  • унаа салонунда 3төн ашык жүргүнчү болбошу керек.
  • Өз унааларында адамдарды Бишкек, Нарын, Жумгал, Балыкчы шаарларына ташыган айдоочулар жергиликтүү автовокзалдын аймагында болушу керек.

Добавить комментарий