КММАнын аймагында дарыгерлердин эстелиги пайда болот

КММАнын хирургия бөлүмүнүн башчысы медициналык академиянын аймагында коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлерине эстелик орнотууну сунуш кылды.

Бул тууралуу аталган бөлүмдүн ассистенти Сыймык Сапаров билдирди.

Анын айтымында, профессор Рахатбек Оморов жеке өзү ушул максатта $ 1000 бөлүп берген, анын идеясын профессор Эрнис Тилеков, КММАнын ректору Индира Кудайбергенова колдошкон. Азыр Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген скульптору Дүйшөн Жолчуев эстеликтин эскизинин үстүндө иштеп жатат.

«Эстелик КММАнын башкы имаратынын аллеясында орнотулат, анткени медициналык кызматкерлердин баары биздин бүтүрүүчүлөр. Долбоорду колдоп, каржылык жардам көрсөтүүнү каалагандар биз менен байланышса болот», – деди ал.

Даректер жана реквизиттер:

Бишкек ш. Ахунбаева, 92.

Октябрь району боюнча МСКБ, код – 001, OKПO 22388973, СИН 01711199910156

банк эсеби 1030220000185275, БИК 103002

Тел. +996 552 10 36 86.

Эске салсак, пандемия башталгандан бери 2 928 медициналык кызматкерге COVID-19 диагнозу коюлган. 2025 айыгып, 70тен ашуун адам өлгөн.

Добавить комментарий