КИ «Бишкектеплоэнерго» батареяларды «бекитти»

Жарандардын көптөгөн кайрылууларына ылайык, «Бишкектеплоэнерго» коммуналдык ишканасы жылуулук менен камсыздоонун деңгээлин төмөндөттү.

Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, компания 600 ашуун турак үйдү, ошондой эле 12 саламаттык сактоо мекемесин, 40 орто мектепти, 14 бала бакчаны, 8 жогорку окуу жайын, 25 бюджеттик мекемелерди жана башка 212 керектөөчүлөрдү жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

“Бишкектлоэнерго” шаардын батыш тарабын тейлейт: “Жал” кичи району, Газгородок, Аскер шаарчасы жана Министрлер Кеңешинин турак жай комплекси. Калгандарынын бардыгын Улуттук Энергохолдингдин туунду ишканасы болгон «Бишкектеплосеть» ААК камсыздайт”, — деп белгиледи муниципалитет.

Жылуулук үчүн өз убагында төлөө бардык Бишкектиктерди жылуулук жана ысык суу менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

“Эгерде турак жай ээлеринин ассоциациясы кайрадан жылуулук берүү керек деп чечсе, анда сизден алдын ала арыз менен уюмга кайрылууну суранабыз. Квартира ээлеринин кеминде 90 пайызынын колун чогултуу максатка ылайыктуу”, — деп жыйынтыктады мэрия.

Добавить комментарий