Кемпир-Абаддын коргоочулары 15-ноябрда «Ак үйдүн» жанына чогулуп, Өзбекстанга жер берилишине каршы чыгышат

Бүгүн, 15-ноябрда Кемпир-Абад суу сактагычынан жерди Өзбекстан Республикасына өткөрүү боюнча келишимге каршы чыккандар Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулушат.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү билдиргендей, буга чейин депутаттар эки жолу жыйын өткөрүп, анда Өзбекстан менен макулдашууну карашты. Алардын айтымында, ал учурда бардык документтер депутаттарга кароого берилбей, толук эмес маалыматтар берилген.

Алар ошондой эле бул келишимге каршы чыккан 20дан ашык активист СИЗОдо камакта экенин эске салышты.

«Бийлик бирди айтат, эл башканы. Эл өкүлү деген наамды актап, бул келишимди ратификациялоодон баш тартууга чакырабыз», — деп айтылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, 3-ноябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрликтери Бишкекте эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Владимир Норов менен Жээнбек Кулубаев бир катар документтерге кол коюшканын, анын ичинде:

— өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө макулдашуу;

— Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча келишим.

Эртең, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөлөрү келишимди карайт.

Добавить комментарий