Казакстанда УКК массалык баш аламандык уюштуруп жаткан топту кармоо боюнча атайын операция өткөрдү (ВИДЕО)

 

Бейшемби күнү, 17-ноябрда УКК массалык баш аламандыктын алдын алып, кылмышка шектүүлөрдү кармады.

Кылмыштуу топ 20-ноябрда Казакстанда массалык баш аламандык уюштурууну пландаган, деп билдирет Tengrinews.kz Казакстандын УККнын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен.

«Атайын операциянын натыйжасында жети адам кармалды. Аталган факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү жана 272-беренесинин 1-бөлүгү менен тергөө иштери башталды. Кармалгандар жашаган жеринен буюм далилдери алынды. Прокуратуранын санкциясы менен алар массалык баш аламандыктарды уюштурууга, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын административдик имараттарына, тиричиликти камсыз кылуучу жайларга курал-жарак жана күйгүзүүчү аралашмаларды колдонуу менен кол салууларды уюштурууга даярдыгын документтештирип алышкан», — деп билдирди Казакстандын УККсынын басма сөз кызматы.

УККнын маалыматы боюнча, топтун ар бир мүчөсүнүн ролу так аныкталып, жашыруундук чараларын сактоо менен кезектеги жыйындарда кылмыштуу пландар талкууланган.

«Топтун мүчөлөрү «бөтөлкө ыргытуучу» жабдууларды жасашкан, алардын жардамы менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине физикалык жактан жок кылуу үчүн Молотов коктейлдерин ыргытуу пландалган. Алар кылмыш жасоо үчүн курал-жарактарды – Калашников автоматы, Merkel мылтыгы, эки жылмакай сайлуу мылтык, ок-дарылар, Молотов коктейлдери үчүн суюктук куюлган бөтөлкөлөр, «бөтөлкө ыргыткычтар», бензин куюлган канистрлер, рациялар сакталган кампа уюштурушкан», — деп айтылат УККнын маалыматында.

Кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Добавить комментарий