Казакстан россиялыктарды мобилизациядан коргой албайт

Казакстанда миграциялык кызматтар мыйзам чегинде иш алып барат, ошондуктан Россиянын жарандарынын РК аймагында туруктуу болушу үчүн Россиянын тиешелүү органдарына кайрылуу керек.

Бул тууралуу RFE/RL Казакстан парламентинин спикери Маулен Ашимбаевге шилтеме берүү менен билдирди.

22-сентябрда Ашимбаев Астанада журналисттерге Казакстандын укук коргоо жана миграция органдары мыйзам чегинде иштеп, чет элдик жарандардын, анын ичинде россиялыктардын өлкөдө туруктуу жашоого арызын карап жатканын билдирди.

«Биздин расмий мекемелер жарандыгы бар өлкө Казакстанга көчүп кетүүгө каршы эместигин тастыктаган документ тапшырбаган адамдарга жашоого уруксат бербейт», — деди Ашимбаев.

Ал ошондой эле өлкөнүн мамлекеттик органдары Казакстанга кетүүнү каалаган россиялык жарандардын саны кескин өскөн кырдаалдан кабардар экенин кошумчалады.

Буга чейин маалымдалгандай, 21-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Кремлдин бул чечими бир топ орусиялык эркектерди чет өлкөгө саякаттоого түрттү – Ереван менен Стамбулга түз каттамдардын бардык билеттери абдан тез сатылып кетти, көптөгөн кошуна мамлекеттер менен чек араларда көп километрге созулган кезек күтүүлөр пайда болду.

Добавить комментарий