Казахстандагы мүнүшкөрлөр арасындагы турнир. Архивдик сүрөтКыргызстандык мүнүшкөрлөр Казакстандагы эл аралык турнирге катышууда

Бүгүн, 13-декабрда, Бурабай айылында Казакстандын эгемендик күнүнө карата мүнүшкөрлөр арасында уюштурулган эл аралык «Қансонар» турниринин финалы болот. Бул туурасында Sputnik Казакстан 24.kz агенттигине шилтеме берип жазды.

Мелдеш быйыл 20 жылдык мааракесин белгилеп, ага Казакстандан тышкары Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия жана Кытайдан келген 45 мүнүшкөр катышууда.
Акмоло облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Асет Букубаевдин айтымында, финалда талапкерлер түлкү, коен жана көгүчкөндөргө мергенчилик кылат. Калыстар куштун эмне үйрөнгөнүн, анын кожоюну менен мамилесин жана өнөрүн баалашат.

Мелдештин максаты — казактын каада-салтын жандантуу, улуттук спортту өнүктүрүү жана ички туризмди жайылтуу.

Баш байгеге автоунаа коюлганы айтылды.

Добавить комментарий