Караколдо жол кырсыгынан каза болгондордун урматына автожүрүш өттү

Каракол шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жол кырсыгынан каза болгондордун жана майыптардын масштабын эске салуу үчүн автожүрүш өткөрүштү.

Автожүрүш ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленүүчү Жол-транспорт кырсыгынын курмандыктарын эскерүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулду.

Унутулгус датаны өткөрүүнүн максаты – жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү жана жалпы коомчулуктун көңүлүн жолдордогу каза болгондордун көйгөйүнө буруу.

Каракол шаардык ИИБдин ЖКККБ кызматкерлери тарабынан «Сенин өмүрүң өз колуңда!» аттуу акция өткөрүлдү. Иш-чаранын алдында уюштуруучулар жол кырсыгынан каза болгондорду эскеришти. Андан соң облус борборунун борбордук көчөлөрүндө жол кырсыгына кабылган унаалар көрсөтүлдү. Ушундай эле акция менен милиция шаардыктарды ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн жол эрежесин сактоого чакырды.

«Биз мындай акцияларды жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнүнүн алкагында өткөрүп келебиз. Бул кайгылуу, атүгүл трагедиялуу окуя, бирок ошол эле учурда бул адамдарга өздөрүнүн жана кыймылдын башка катышуучуларынын өмүрүн сактап кала турган маалыматтарды жеткирүү мүмкүнчүлүгү. Жолдо сиз өзүңүздүн башкы коргоочу периштеңизсиз, ал эми сиздин коргооңуз бул кунт коюп, эрежени сөзсүз сактоо», – деди Каракол шаардык ИИБ ЖКККБнын башчысы Талайбек Намазбеков.

Добавить комментарий