Канат Исаев 23-декабрга чейин СИЗОдо болот

Бишкек шаардык соту камактагы Канат Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттарынын арызын карады.
Бүгүн, 5-декабрда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясында экс-депутат Канат Исаевдин баш коргоо чарасын камак менен байланышпаган түргө өзгөртүү боюнча адвокаттарынын арызы каралды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына кармалган адамдын кызы Бермет Исаева билдирди.
Анын айтымында, соттук коллегия даттанууну карап, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды жана 2022-жылдын 23-декабрына чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.
«Сот болуп өттү, бирок, мурдагыдай эле, биз аны менен жолугууга уруксат беришкен жок, атамды да көргөн жокпуз», — деди Исаева.
Ал атасы күнөөсүз экенин кошумчалады. Ал 2017-жылдын сентябрь айында ачылган иштин али жабыла электигине таң калып жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, 2019-жылдагы президенттик шайлоонун алдында Канат Исаев бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталуучу болуп калган. Ал кармалып, шайлоодон кийин бошотулган. 2019-жылдын апрель айында сотко чейинки өндүрүш токтотулган.
Эске салсак, 23-октябрда ИИМ кызматкерлери массалык баш аламандыкка даярдануу фактысы боюнча райондук ички иштер бөлүмдөрүнө, РИИБге жана ИИМдин борбордук аппаратына 20га жакын активист, блогер жана саясатчыларды алып келишкен.
Алардын баары «жашыруун» деген гриф коюлган Канат Исаевден башка «массалык баш аламандык» беренеси боюнча өтүп жатат.

Добавить комментарий