
Руссофобия элементтерин камтыган экспонаттар коюлган көргөзмөнүн уюштуруучулары өз аракеттери тууралуу укук коргоо органдарына билдирген адамдын жеке маалыматтарын алууга аракет кылууда.
ILGERI JAZ сүрөт көргөзмөсүнүн уюштуруучулары прокуратурага арыз менен кайрылышкан. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Эрик Абдыкалыков билдирди.
Анын айтымында, бир күн мурун ага прокуратурадан телефон чалып, уюштуруучуларга каршы Аманжол Кенжебай уулунан арыз түшкөнүн билдиришкен.
«Биздин көргөзмө кыргыз жана казак чеберлеринин эмгектеринен турду. Ал 9-майда аяктады. Чыгармалардын биринде постсоветтик мейкиндиктин эгемендүү мамлекеттеринин желектери түшүрүлгөн, ал Россия эмес деп жазылган. Ушундан русофобияны Аманжол Кенжебай уулу көргөн. Мен бул сүрөттүн контекстинде эч кандай русофобияга жок деп эсептейм. Алар Бишкек шаардык прокуратурасынын башкы башкармалыгынан телефон чалган. Алар бизди ким колдойт: АКШ же жокпу деп сурашты», — деди Эрик Абдыкалыков.