Көлмө конушунда жаңы троллейбус линиясы курулат


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/11/speech-80446-1668590184-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Бишкектин Көлмө конушунда троллейбус каттамдары пайда болот.

Келерки жылга чейин Көлмө конушунда троллейбус линиясы орнотулат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек троллейбус башкармалыгынын башчысы Талантбек Капаров билдирди.

Ал белгилегендей, бул долбоор 2021-жылы жактырылып, ишке ашыруу мөөнөтү 2022-2023-жылдарга белгиленген.

«Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 183 троллейбус бар. Кун сайын 135—140 адам кезекке чыгат. Алар 11 маршрут боюнча катташат. Аларга Көлмө турак жай аймагына баруучу линия кошулат. Аны муниципалдык ишкананын жеке каражатынын эсебинен салып жатабыз», – деди Капаров.

Ал кошумчалагандай, 2023-жылы борборго 120 электробустун келиши менен алар үчүн троллейбус линиялары тартылбаган аймактарды камтыган беш жаңы каттам ачылат. Бул каттамдар жарандардын кайрылууларын эске алуу менен түзүлөт.

Добавить комментарий