Юстиция министрлиги мындан ары транспорт каражаттарына ишеним каттын атайын формасын талап кылбайт

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин катуу отчеттуулуктун формаларын алып салуу боюнча токтомуна ылайык, автоунаага ишеним катты жөнөкөй ак кагазга берүүгө жол берилет.

Кыргызстанда 16-ноябрдан тарта МЮ жана ЧН сериясындагы катуу отчеттуулук бланктары мамлекеттик маанидеги документтердин жана мамлекеттик атайын бланктардын жүгүртүүдөгү тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому 16-ноябрдан тарта күчүнө кирди.

Эми жарандар автотранспорт каражатын башкарууга жана тескөөгө ишеним катты атайын бланкасы жок, бирок бардык нотариалдык иш-аракеттердей эле ак кагазда ала/бере алышат.

Ведомство түшүндүргөндөй, реформа республиканын аймагында «электрондук нотариат» автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүү менен ишке ашырылган, анткени аткарылган нотариалдык иш-аракеттер бул системадан документтин аныктыгын текшерүүгө боло турган QR-код менен бирге берилиши мүмкүн.

Добавить комментарий