ЭСМ КРдагы казинолорго келген чет элдиктер үчүн визаларды жокко чыгарууну каалайт

Кыргызстандын Экономика жана соода министрлиги чет элдик жарандар үчүн визалык режимге өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.

Кыргызстанда казинодо ойноону каалаган чет элдик жарандарга өлкөгө визасыз кирүүгө уруксат берүү сунушталууда.

Коомдук талкуулоо үчүн жарыяланган Мыйзам долбооруна ылайык колдонуудагы мыйзамдарга «адистештирилген оюн — зоок зонасы» деген түшүнүк киргизилет-аймагында атайын укуктук, валюталык жана башка режимдер иштеши мүмкүн болгон оюн-зоок ишин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн арналган министрлер кабинети тарабынан аныкталуучу жана/же түзүлүүчү аймак же инфраструктура.

Ошондой эле долбоор адистештирилген оюн-зоок зонасынын аймагына келген чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга визасын тариздебестен жана жарактуу документин каттатпай республикадан чыга алат деп болжолдойт. Адистештирилген оюн-зоок зонасынын аймагына келген чет өлкөлүк жарандар өлкөгө киргенде жана чыкканда жарандын инсандыгын тастыктоо максатында жарактуу документин көрсөтүүгө тийиш.

Максаты адистештирилген оюн-зоок зонасына баруу болуп саналган чет өлкөлүк жарандардын болуу мөөнөтү 15 суткадан ашпайт.

Мында атайын оюн-зоок зонасынын аймагына жеке жана кызматтык транспорт каражаттары менен келген чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнүн, жүрүүсүнүн, чыгуусунун тартиби кабинет тарабынан белгиленет.

Адистештирилген оюн-зоок зонасынын белгиленген чек араларын бул зонага баруу максатында келген чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз кесип өтүүсү бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же эсептик көрсөткүчтүн 500дөн 1 000ге чейинки (50-100 миң сом) айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Добавить комментарий