Эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи

Билим берүү жана илим министрлиги 54-Эл аралык Менделеев олимпиадасынын жана 52-Эл аралык химия олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлады.

Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

2019-2020-окуу жылында Кыргызстандын билим берүү мекемелеринин окуучулардын арасында альтернативдүү олимпиада болуп өттү.

Олимпиаданын негизги максаттары:

  • Физика, математика, биология, химия жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн талапкерлерди тандоо жана даярдоо;
  • Өзгөчө таланттуу окуучуларды аныктоо жана алардын жөндөмдөрүн өркүндөтүү;
  • Табигый-математикалык циклдеги сабактарды тереңдетип окууга окуучулардын кызыгуусун арттыруу;
  • Окуучулардын критикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн, өз мүмкүнчүлүктөрүн баалоо жана келечек багытын аныктоо жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө жардам берүү;
  • Эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн даярдаган жогорку квалификациялуу, чыгармачыл мугалимдерди аныктоо жана аларды кубаттоо.

Олимпиаданын 1 жана 2 этаптары онлайн режиминде өттү. 3-этап салттуу режимде өттү.

Пандемиянын айынан 4-этап өтпөй калгандыктан, 3-этап акыркы этап болуп эсептелет.

Эл аралык олимпиаданын уюштуруучулары тарабынан аныкталган квотага ылайык, эл аралык олимпиадага химия олимпиадасынын 3-этабында эң жогорку балл алган үч окуучу катышты.

54-Эл аралык Менделеев олимпиадасы 2020-жылдын 13-18-июль күндөрү ММО-54 онлайн режиминде өттү. Ага Кыргызстандан төрт окуучу катышты. Натыйжада, алар үч медалга ээ болушту (бир күмүш, эки коло):

  • Соодонбеков Нурсултан – Карасаев атындагы Ысык-Көл эркектер лицейинин 10-классынын окуучусу (күмүш);
  • Кубанычбек Камил – Карасаев атындагы Ысык-Көл эркектер лицейинин 10-классынын окуучусу (коло);
  • Мамбетов Камил – Айтматов атындагы Бишкек эркек лицейинин 10-классынын окуучусу (коло).

ММО-54 үчүн команданы башкы топтун жетекчиси, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти, Б.М.Боркоев, жетекчилер, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти Салиева К.Т. жана Айтматов атындагы Бишкек эркектер лицейинин химия мугалими Айтиев Мунарбек даярдашкан.

52-Эл аралык химия олимпиадасы (IchO-2020)

23-30-июль күндөрү мектеп окуучуларынын арасында IchO-2020 өткөрүлдү. Ага 68 мамлекеттен командалар катышты.

Олимпиадага Кыргызстандан 4 окуучу катышты. Натыйжада, алар үч медалга ээ болушту (күмүш, 2 коло):

  • Кубанычбек Камил – Карасаев атындагы Ысык-Көл эркектер лицейинин 10-классынын окуучусу (күмүш);
  • Содонбеков Нурсултан – Карасаев атындагы Ысык-Көл эркектер лицейинин 10-классынын окуучусу (коло);
  • Мамбетов Камил – Айтматов атындагы Бишкек эркек лицейинин 10-классынын окуучусу (коло).

IchO-2020 даярдык көрүү жана окуучулардын онлайн катышуусун уюштуруу башкы команданын жетекчиси, «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин доценти, Бормоев Б.М., жетекчилери, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти К.Т.Салиева, Айтматов атындагы Бишкек эркектер лицейинин химиядан мугалими Айтиев Мунарбек жана Эл аралык медициналык университетинин химия боюнча окутуучусу Самаркулов Альмир.

Добавить комментарий