Экономика министрлиги кыргыз календарына жаңы майрам датасын киргизүүнү сунуштоодо.
Департамент бул долбоор атамекендик зергер өндүрүүчүлөрдү колдоо жана стимулдаштыруу максатында, ошондой эле бүтүндөй мамлекеттин экономикалык чөйрөсүндө зергерлердин ордун эске алуу менен иштелип чыккандыгын белгилейт. Мындан тышкары, майрамды белгилөө 2019-2022-жылдарга КР зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында каралган.
31-январды жыл сайын белгиленүүчү Кыргызстандын зергерлеринин кесиптик күнү катары белгилөө сунушталды.
“Постсоветтик бир катар өлкөлөрдө, зергерчилик рыногунда эффективдүү жана цивилизациялуу бизнес жүргүзүү үчүн глобалдык шарттарга салыштырмалуу укуктук шарттарды түзүү менен ченемдик укуктук база өркүндөтүлдү. Айрыкча, мамлекеттик деңгээлде зергерчилик тармагына чоң роль жүктөлгөн, буга зергерлердин кесиптик майрамынын белгилениши күбө”, — деп айтылат өкмөттүн токтомунун долбоорунун негиздеме билдирүүсүндө.