Эгемендүүлүк күнүндө Бишкекте экскурсиялык троллейбус жүрөт

Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата бекер троллейбус ишке кирет. Ал 13:00дөн 15:00гө чейин иштейт.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Баары атайын рейстин жүргүнчүсү боло алат, ал жерде Бишкек троллейбус башкармалыгынын гиди сизге шаардын кооз жерлери жөнүндө кыскача маалымат берет», – дешти мэриядан.

Белгиленгендей, троллейбус саат 13:00дө Москва көчөсүн бойлой эт комбинатынан чыгып, борбордун борбордук көчөлөрү менен Асанбай кичи районуна чейин барат. Ал 15:00гө чейин иштейт.

Добавить комментарий