Италиялык дарыгерлер Апенниндеги COVID-19 эпидемиясынын эң олуттуу очогу болгон Бергамодогу талаа ооруканасында алар менен иштеген орус кесиптештерине ыраазычылык билдиришти.
«Айтышым керек, силердин адистердин иши өтө натыйжалуу. Биз аларга өткөрүп бергендер өтө татаал бейтаптар болот, жана жумуш эч кемчиликсиз жүргүзүлуудө. Бир нече күн мурун биз реанимацияга адистешпеген жалпы практикалык врачтарды дайындай баштадык, алар да ийгиликтүү иштеп жатышат», – деди оорукананын башкы дарыгери Оливьео Валоти.
Ал кошумчалагандай, азыр россиялык дарыгерлер реанимацияда мурдагыга караганда женилирээк оорулууларды дарылашат.
Өз кезегинде, оорукананын ыктыярдуу кызматчыларынын бири Лука Карневали Россияга каржылык колдоосу үчүн, анын ичинде медициналык жабдуулар, шаймандар, маскалар, ошондой эле медициналык кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.
«Биз орус адистери менен иштешебиз, анткени биз дайыма чогуу иштештик», – деп баса белгиледи ал.
РИА Новости Бергамо талаа ооруканасындагы орус адистеринин иш-аракеттерин видео жазууну Россиянын Миландагы Башкы консулдугу берген.
Март айынын аягында, аскердик вирусологдор жана эпидемиологдор менен ВКС учагы Италияга келишкен. Алар сегиз медициналык топту Апеннинге жеткиришти, ошондой эле диагностика жана дезинфекция иш-чаралары үчүн жабдыктарды жеткиришкен.