Ирактан репатриацияланган балдарга КР Президентинен белектер тапшырылды

Социалдык коргоо жана миграция министрлигинин башчысы Кудайберген Базарбаев Ирактан келип, Чүй облусунда жашаган балдарды кыдырып, аларды келе жаткан жаңы жылдык майрамдары менен куттуктап, Садыр Жапаровдун белектерин тапшырды.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров КРда жашаган Ирактан келген балдарга белек кылды

Ушул жылдын март айында Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ирактан Кыргызстанга 79 бала жеткирилген. Алар өлкөнүн он жеринде жашашат. Балдарга психологиялык жардам көрсөтүлүп, жакындарына берилет. Бүгүн Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Чүй облусунда жашаган эки балага барды.

«Министрлик ар бир баланы жеке социалдык жактан коргоо боюнча пландарды түзгөн. Биз алардын кантип жашап, окуп, жашоого кантип ыңгайлашып жатканын дайыма көзөмөлдөп турабыз. Жумуш сапарларымдын алкагында балдарда эмне болуп жатканын өз көзүм менен көргөнгө аракет кылам. 79 адамдын экөө Токмоктун жанында жашайт. Буга чейин алар согуш жана түрмө шарттарын гана көрүшчү. Бул балдар тынч жашоо бар экенин элестете да алышкан эмес. Ошондуктан, адаптация өтө узакка созулат. Алар үчүн нормалдуу жашоо жаңыдан башталып жатат, көпчүлүк үчүн бул мамлекет башчысы менен байланыштуу. Ошондуктан, балдар президентибиздин сүрөтүн көрүп, аны ата дешет», – деди ал.

Базарбаев белектерден тышкары жылуу кийимдерди тапшырып, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

Добавить комментарий