Франция: Канн фестивалы 2019-жылдан бери биринчи жолу ачылат

Ковид-19 пандемиясы жарыялангандан бери биринчи жолу Францияда 74-Канн кинофестивалы өткөрүлөт.

ВВС маалымдагандай, калыстар тобунун төрагасы америкалык режиссер Спайк Ли болот, ал эми анын жердеши Джоди Фостер кинодогу мыкты кызматы үчүн сыйланган Ардактуу алтын Пальма бутагын алат.

Уюштуруучулардын айтымында, уланып жаткан пандемияга байланыштуу фестиваль катуу санитардык чаралар менен өтүп жатат. Ошентип, уюштуруу комитетинин чечимине ылайык, кинотасмалардын көрсөтүлүүчү жерлерине катышуу үчүн, ар бир 48 саат сайын коронавирустук тесттен өтүп же Европа Биримдигинде бекитилген дары-дармектер менен вакцинациялангандыгы жөнүндө сертификат тапшыруу керек.

Добавить комментарий