
Европарламент Евробиримдикти Шрөдерди санкциялык тизмеге киргизүүгө чакырат
Резолюциянын авторлору Евробиримдикти Россиядан акча алууну улантып жаткан орусиялык ири ишканалардын директорлор кеңешинин европалык өкүлдөрүн санкциялык тизмеге киргизүүгө чакырышат.
Европарламенттин көпчүлүк депутаттары Германиянын экс-канцлери Герхард Шрёдерди (ал 1998-2005-жылдары кызматта турган) Евробиримдиктин санкциялык тизмесине киргизүүнү караган резолюция үчүн бейшемби күнү добуш беришет. Бул тууралуу шаршемби күнү өзүнүн сайтында Die Welt гезити резолюция долбоорунун текстине шилтеме берүү менен билдирди.
Басылма үзүндүлөрдү келтирген текстте бир катар европалык саясатчылар орусиялык компаниялар менен бизнес жүргүзүүдөн баш тартканы айтылат. Анда Шрёдерге жана Австриянын мурдагы тышкы иштер министри Карин Кнайсльга да «ушуну жасоого» чакырык да камтылган. Резолюциянын авторлору Евробиримдикке кайрылып, Россиядан акча алууну улантып жаткан ири орус ишканаларынын директорлор кеңешинин европалык өкүлдөрүн санкциялык тизмеге киргизүү өтүнүчү менен кайрылышат, деп жазат Die Welt.
Гезитте айтылгандай, резолюцияны төрт ири фракция колдоп жаткандыктан кабыл алынат. Андан соң ага Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн өкүлдөрү макул болушу керек.
Мурдагы канцлер 2017-жылдан бери «Роснефть» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп келген. Мындан тышкары, ал Nord Stream AG акционерлер комитетин жана Nord Stream 2 AG директорлор кеңешин жетектейт. Мындан улам экс-өкмөт башчы Германиянын саясат жана коомчулук өкүлдөрү тарабынан сынга алынууда. Тактап айтканда, аны мурдагы канцлерлерге мыйзамдуу түрдө берилген айрым артыкчылыктардан ажыратууну каалашат.
Буга чейин The New York Times гезитине берген маегинде Шрёдер Россияны саясий жана экономикалык жактан обочолонтуу узак мөөнөттүү келечекте мүмкүн эмес экенин жана Евробиримдиктин, анын ичинде Германиянын гүлдөп-өнүгүшү ар дайым россиялык чийки зат менен камсыздоодон көз каранды болорун баса белгилеген.