Дарыгерлер коронавирусту туу чокусундагы кырдаал менен курөш алабы

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары өлкөдө коронавирустун эн катуу деңгээли 20-24-апрелде күтүлөт деп эскертти.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирустун чокусуна чукул мезгилде бардыгына байкоо жүргүзүлө турган жатактар жетиштүү деп ишендирди.

Анын айтымында, эксперттер коронавирустун чокусу 20-24-апрелде болот деп божомолдошууда.

«Коронавирустун чокусунда аныкталган адамдарга жатактар даярдалып жатат. Баары атайын тизмеге ылайык берилет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул багытта даярдык иштерин жүргүзүп жатат”, — деди Үсөнбаев.

Коронавирус жана Кыргызстанда өзгөчө кырдаал

Жалпысынан Кыргызстанда 489 коронавирус инфекциясы катталып, 114 адам айыгып, бешөө көз жумган. 118 медицина кызматкери жуккан.

Добавить комментарий