8-апрелде медициналык кызматкерлерге март айына кошумча төлөмдөрдү эсептөө башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Чүй жана Ош облустарында коронавируска каршы күрөшкөн 141 медициналык кызматкер 1 миллион 400 миң сом өлчөмүндө кошумча эмгек акы алышканы аныкталды. Эмгек акы негизги жумуш ордунда сакталат.
“Калган медициналык кызматкерлер эки-үч күндүн ичинде акча алышат. Төлөмдөр жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарын алган Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине ачылган депозиттик эсебинин каражаттарынан жүргүзүлдү. Дарыгерлерге кошумча төлөө үчүн атайын комиссия 38,5 миллион сом бөлгөн. Төлөмдөрдү Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, ооруканалардын жана фокустук аймактарда иштеген баштапкы кызматтын кызматкерлери алышат”, — деди Саламаттыкты сактоо министрлиги.
Бөлүм белгилегендей, төлөмдөр эки категорияга бөлүнөт — карантиндик казармада турган кызматкерлер үчүн жана келип кеткен кызматкерлер үчүн.
«Дарыгерлердин компенсациялык төлөмдөрү 46 миң сомду, орто медициналык персонал үчүн — 41 миң сомду, ал эми тейлөө кызматынын кенже персоналы үчүн — 38 миң сомду түзөт. Келип кеткен тартибинде иштеген кызматкерлер үчүн компенсациялык төлөмдөр 29 миң сомго чейин болот», — деп түшүндүрдү Саламаттыкты сактоо министрлиги.