Ал кишинин абалы оор болуп, дарылоо учурунда дененин маанилүү органдары иштен чыга баштады, бирок дарыгерлердин кесипкөйлүгүнөн улам аны сактап калышты. Азыр ал өзүн кадимкидей сезип жатат.
Бир айдан ашык убакыттан бери дарыгерлер коронавирус жуккан кишинин өмүрү үчүн күрөшүп келишти, деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.
Ал бир күн мурун, 20-апрелде, Ноокат аймактык ооруканасынан эки ПЦР тесттен кийин терс натыйжа берген.
Ноокат аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Дилшат Мамажановдун айтымында, COVID-19 менен оорулууну дарылоо төрт этапта өттү.
«Ал киши бизге оор абалда келген: дем алуу, дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алуусу бузулган», – деп эскерет Мамажанов.
Анын айтымында, биринчи этапта алар кычкылтек терапиясы менен, башкача айтканда, кычкылтек менен камсыз кылышкан. Алгач кычкылтек концентратору колдонулган. Бирөөсү жетишсиз болуп, жалпысынан алты түзмөктү туташтыруу керек болчу.
«Өпкөлөр дем алышы үчүн, алар организмди кычкылтек менен камсыз кылышты. Андан кийин биз бочкага суюк кычкылтек алып келдик, ал чоң агымды берет – мүнөтүнө болжол менен 30 литр. Биз аны бейтапка туташтырдык жана анын динамикасы жакшырды”, деди ал.
Кийинки этап кең спектрдеги антибиотик терапиясынан турду. Денедеги ар бир процесс антибиотик менен дарылоо баскычында көзөмөлдөнүп турат, анткени алардын кабыл алынышы грибок инфекциясы менен коштолот.
«Оорунун оор болгонунан улам, пациентин маанилүү органдары: боор, бөйрөк иштен чыга бвштвтды, кан басымы жогорулады. Бул вирус бүт денени козгойт. Ал бардык органдарга таасирин тийгизет», – деп эскерет дарыгер.
Андан кийин ДДСУнун сунуштары боюнча антибиотиктер менен бирге вируска каршы дары-дармектер берилгенин айтты. Оорулууну жасалма желдетүү (ИВЛ) аппаратына туташтырганга чон зарылдык пайда болду.
«Бирок адистердин кесипкөйлүгүнүн аркасында ал ишке ашкан жок. Биз аны тиги дуйнөдөн тартып чыктык! Бирок аны каалаган учурда жоготуп алышыбыз мүмкүн болгон. Ушундан кийин бейтаптын абалы кескин жакшырып кетти. Акырындык менен көлөмүн азайтып, кычкылтекти колдоно бердик. Бүгүн ал Covid-19тен дарылоону баштаганына 32-күн болду, биз коронавирус боюнча терс натыйжаларга жетиштик, ошол эле учурда башка маанилүү белгилер дагы табигый көрүнүшун берип жатат», – деди дарыгер кубанып.
Анын айтымында, бейтапка кычкылтек оксигенатору берилген, анын жардамы менен үйдө бардык манипуляцияларды өз алдынча жасай алат.
«Биз аны жайбаракат сезим менен чыгардык. Азыр ал 14 күндүк үйдө милдеттүү түрдө карантинде жатат», – деп кошумчалады Мамажанов.