Даниэль Ажиев акыл-эси жайында эмес деп табылып, мажбурлап дарыланууга жөнөтүлдү

Даниэль Ажиевдин туугандарынын айтымында, Биринчи Май райондук соту соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүп, анын жыйынтыгында «Ажиев дарыланууга муктаж» деп табылып, ошондуктан психиатриялык диспансерде мажбурлап дарыланууга жөнөтүлгөн. Буга байланыштуу ага козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулуп, эксперттик корутунду сотко өткөрүлүп берилди.

Адвокат Тайлайкүл Токтобекова тастыктаган жок, бирок кардары тууралуу бул маалыматты төгүндөбөй, эч кандай маалымат бере албастыгын билдирди.

Эскерте кетсек, Даниэль Ажиев «расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козуткан» деген шек менен 2020-жылы март айында кармалган. Буга анын видео кайрылуусу себеп болгон, анда башка нерселер менен катар Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев, анын уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Төрөбеков жана 2019-жылы жайында катышуучу болуп калган жол кырсыгы айтылган.

Добавить комментарий