Дагы эки кыргызстандык коронавирустан көз жумду

Бүгүнкү күндө 69 кыргызстандыкта COVID-19 жуктуруунун жаңы учурлары жарыяланды. Бардык жаңы учурлар оорулуулар менен байланышта болушкан.

Акыркы сутка ичинде коронавирусту жуктурган дагы эки кыргызстандык көз жумду, деп билдирди саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифингде.

Анын айтымында, Ош облусунда эки бейтап кечээ, 5-апрелде көз жумган.

“Бейтаптар ооруканада болушкан. Алардын абалы өтө оор болчу”, – деди министр.

Жалпысынан, бүгүн өлкөдө коронавирус менен ооруган төрт адам көз жумду.

Бүгүнкү күндө 69 кыргызстандыкта COVID-19 жуктуруунун жаңы учурлары жарыяланды. Бардык жаңы учурлар оорулуулар менен байланышта болушкан.

Акыркы сутка ичинде аныкталган коронавирус жуккан 69 кишинин бардыгы көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Азыр өлкөдө 216 COVID-19 тастыкталган учурлар бар.

Абдыкаримовдун айтымында, аныкталгандардын бардыгы байкоо астында, андыктан тынчсызданууга негиз жок.

“Баары байланышта болгондор, ошондуктан аларша сак болуп, байкоого жайгаштырылган. Жаңы учурларды аныктоодо ПЦР тесттеринин натыйжалары көрсөтту. Алардын жардамы менен 69 адамда коронавирус табылды”, – деди министр.

Добавить комментарий