COVID-19 пандемия чокусуна али жете элек

Коронавирустук пандемия дүйнөдө али чокусуна чыга элек, деди Маргарет Харрис, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДСУ) өкүлү.

Анын айтымында, Европада бул оорунун гетерогендүү көрүнүшү бар. Италиядагы жана Испаниядагы кырдаал жакшырганда, Улуу Британияда жана Түркияда бул илдетке чалдыккандардын саны өсүүдө. Дүйнөдө коронавирус ооруларынын 90% ы Европада жана АКШда кездешет.

Дүйнөдө жалпысынан 1,93 миллион коронавирус инфекциясы катталды. Бул оорудан 120 миңден ашык адам көз жумган.

Россияда 21 миңден ашык бейтап аныкталып, 170 адам өлгөн. Акыркы күндөрү, оорулардын саны күнүнө эки миңден ашуун адамга көбөйүүдө.

Добавить комментарий