Чет жерде жылына 300 чейин эмгек мигранттары көз жумат

300 чейин мекендештерибиз, эмгек мигранттары, өз мекенинен тышкары жерде каза болуп жатышканы белгилүү болду.

Бул тууралуу эл аралык мигранттардын күнүнө арналган тегерек столдо эксперт Улан Шамшиев билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын башынан бери сөөктү мекенине алып келүү үчүн бир жолку төлөмдөргө бюджеттен 13 миллион сом бөлүнгөн.

“Бир жолку төлөмдүн өлчөмү 50 миң сомду түзөт. 2018-жылы жүк 200дү ташууга 191 билдирме келип түшкөн, 8,8 миллион сом төлөнгөн, 2019-жылы – 288 арыз, төлөмдөрдүн суммасы 14,4 миллионду түзсө, ушул жылдын 11 айында 260 арыз, сумма – 13 миллион”, – деди Улан Шамшиев.

Ал белгилегендей, пандемия учурунда жүк 200дү ташууда кыйынчылыктар болгон.

Добавить комментарий