КР Чек ара кызматы жакынкы аралыкта Баткен облусунда жарылбай жаткан снаряддарды зыянсыздандырууну жарыялады. Жергиликтүү калктан жарылуулардын үнүнөн дүрбөлөңгө түшпөөнү суранышат.
4-май күнү саат 9:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Өткөн түнү эч кандай окуя же атышуу катталган жок.
Министрликтин маалыматы боюнча, 3-майдан бери Баткен районунун Актатыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз аймагында КР Коргоо министрлигинин саперлор тобу иштеп, буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандырууда.
Ушуга байланыштуу, Баткен облусунун мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги чек ара аймактарында жашаган Кыргызстандын жарандарынан жарылуунун үнүнөн чочулабоону суранабыз.
Чек арачылар бүтүндөй кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтарууда.
КР УКМК Чек ара кызматынын Баткен облусуна жайгаштырылган бөлүктөрү жана түзүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.