Чаткалда жергиликтүү бюджеттин эсебинен мектеп курулуп жатат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кайың-Суу айылында жаңы мектептин имаратынын курулушу башталды. Даярдалган долбоорго ылайык, ал учурдагы стандарттарга жооп берген заманбап билим берүү мекемеси болмокчу. 150 орунга ылайыкталган 60 орундуу эски мектеп 1986-жылы курулган, 2017-жылы пайдаланууга жараксыз деп табылып, азыркы учурда анда 156 окуучу билим алууда.

Добавить комментарий