БШК Ленин районунан ЖКга депутатты кайра шайлоо өткөрүшү мүмкүн


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/05/speech-92475-1685453836-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

No26 Ленин шайлоо округунда добуштарды сатып алды деген шек менен иликтөө жүргүзүү чечими кабыл алынгандыктан, Жогорку Кеңештин депутатын жаңы шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн.

Эске салсак, социалдык түйүндөрдө Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоодо Ленин районунан шайланган Дамира Ниязалиеванын үнү менен добуштарды сатып алуу боюнча шериги менен сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылган аудиотасма жарыяланган. Андан соң шайлоо штабында тинтүү иштери жүргүзүлдү. Ниязалиева бул монтаж экенин айтууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы дароо текшерүү жана юридикалык баа берүү үчүн материалдар ички иштер органдарына өткөрүлүп, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.

Эгерде милиция добуштарды сатып алуу фактысын ырастаса, БШК Ленин районундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарышы мүмкүн. Мыйзамга ылайык, шайлоочулардын үчтөн биринен көбүнүн добушун алган талапкер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылса, шайлоо өткөн жок деп табылышы мүмкүн. Дамира Ниязалиева шайлоодо 35,86% добуш алды.

Добавить комментарий