Британ адистери Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасын модернизациялоого салым кошот


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/11/speech-80915-1669202109-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Оңдоо иштери, ошондой эле Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасын модернизациялоо британиялык адистер менен биргеликте жүргүзүлөт.

Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кабар Итибаев билдирди.

Анын айтымында, Лондондогу World Travel Market туристтик көргөзмөсүндө мейманкана түйүндөрүнүн бири менен меморандумга кол коюлуп, анда Бишкек мейманканасынын ишин жандандыруу үчүн алардын адистерин тартуу каралган.

Эске салсак, “Ак-Кеме” мейманканасы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин түрк насыясына курулган. 2000-жылдардан бери мейманкананын айланасында менчик укугу боюнча талаш-тартыштар башталган. Соттук териштирүүлөр 2017-жылдын 3-февралында объект КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансына өткөрүлүп берилгенден кийин аяктаган. Мейманкана ишин улантып, киреше алып келген.

 

Добавить комментарий