Борбор калаанын мэриясы жол боюндагы таштандыларды чыгаруу үчүн атайын техникаларды сатып алат

Тазалоочулардын коопсуздугун сактоо жана күйүүчү майды үнөмдөө максатында Бишкек шаарынын мэриясы жол боюндагы таштандыларды тазалоо үчүн электр унааларын алууну пландоодо.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында экологиялык жактан таза жүк ташуучу чакан унаалар чогултулуп жатканын мэрия билдирди. Алардын узундугу 4,2 метр, көлөмү 270х160 сантиметр, жүк көтөрүмдүүлүгү 700 килограмм.

«Атайын техникалар трассаларда жана жолдордо иштеген дворниктерге коопсуз шарттарды түзүп, күйүүчү майды үнөмдөйт. Бир заряд 110 километр аймакты тазалоого жетиштүү», – деп түшүндүрүштү мэрияда.

Азырынча эксперимент үчүн бир унаа сатып алууну пландап жатышат. Ийгиликтүү тестирлөөдөн кийин массалык сатып алуу башталат.

Добавить комментарий