Борбор калаада «Истоки» көргөзмөсү өтүп жатат

Сүрөт галереясынын Бишкектеги филиалы «Истоки» көргөзмөсүн ачты, анда эки ата мекендик сүрөтчү – Нарынкул Турпанов менен Жылкычы Жакыповдун 30 ашык эмгектери коюлган.

«Истоки» көргөзмөсүндө чеберлер көрүүчүлөргө таптакыр жаңы чыгармаларды көрсөткүсү келет. Бул живопись, графика, инсталляция чыгармалары.

«Истоки» деген аталышы абдан терең мааниге ээ. Ал чыгарманын темасын аныктады. Көргөзмөнүн катышуучуларынын позициясы экспериментке болгон дилгирликте эмес, алардын ар биринин айланасында жана ичинде болуп жаткан окуяларды терең баамдоодо», – деп белгилешти уюштуруучулар.

Нарынкул Турпановдун бийик тоолоруна түбөлүккө карап турсаң болот. Ал эми Жылкычы Жакыповдун сүрөттөрүн кармап көргүң келет: алар ушунчалык структуралуу. Алтургай кээ бир келгендер автор бурулуп кеткенде кармай алышкан.  

Сүрөтчүлөрдүн өзүлөрү коноктор менен ынтызарлык менен баарлашып, алардын чыгармачылыгы тууралуу сүйлөшүүгө даяр болушту.

«Нарынкул Турпанов – искусствобуздагы салттуу реалисттик багыттын көрүнүктүү жана ырааттуу өкүлү. Ал эми Жылкычы Жакыпов жаңы феномендин – постмодернизмдин улуттук вариациясында таланттуу жана тайманбастык менен эксперимент жүргүзөт. Аларды эмгектеринде мольберттик живопись тармагындагы изденүү чагылдырылганы бириктирип турат. Бир жагынан, бул топтолгон тажрыйбаны жана салтты урматтоо. Экинчи жагынан, бул – инновацияларга ачыктык, муундардын тажрыйбасын эритип, өз жүзүн жоготпоо, заманбап дүйнөлүк тенденцияларга ылайыкташуу», – дейт авторлор тууралуу заманбап искусство теоретиги жана культуролог Гамал Бөкөнбаев.

Көргөзмө 19-июнга чейин уланат.

Добавить комментарий