Борбор калаада 6 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат – мэрия эскизин көрсөттү

Борбор калаанын Лев Толстой көчөсүндөгү гараж кооперативинин ордунда 6 кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан гараж кооперативинин ордунда курулуш башталат. Ага 400-500 автоунаа батат деп пландалууда. Төмөнкү кабатта тейлөө бекети, унаа жуучу жай, автоунаалар сатыла электе даярдануу пункту, автосалондор, авто тетиктерди сатуучу дүкөндөр жана вулканизация пункту болот.

“Бул гараждар Союз мезгилинен бери бар жана башка максаттарда колдонулат. Алардын муниципалитетке 4 миллион 416 миң 786 сом өлчөмүндөгү ижара акысы үчүн карызы бар. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, жаңы унаа токтотуучу жайдан кооперативдин мүчөлөрүн артыкчылыктуу орундар менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу чечими кабыл алынды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Алар ушундай төрт унаа токтоочу жай курууну каалашат: Кудайберген базарынын аймагында, Жукеев-Пудовкин кесилишинде – Сүйөркулов, Псковская – Сухомлинов жана Лев Толстой, № 1а.

Добавить комментарий