Боом трассасынын бөлүгүндө кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы кооптуу таштарды түшүрүү иштерине байланыштуу унаа ээлеринен каттамды алдын ала пландаштырууну суранат.

Боом капчыгайындагы жол жарым-жартылай 3-майдан 7-майга чейин жабылат (5-майдан тышкары), иш дээрлик күн сайын саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

«Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт», – деп айтылат релизде.

Белгилей кетүүчү нерсе, ушул тилкеде бир катарда темир жол өтөт.

Жол кыймылын көзөмөлдөө ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнө жүктөлгөн.

Добавить комментарий