Болот Назаров соттун имаратынан эркиндикке чыгып кетти

Болот Назаров жабырлануучулардын доосу жоктугуна байланыштуу бошотулду.

Чүй облусунун Москва райондук сотунун чечими менен акын Болот Назаровго карата кылмыш иши токтотулду.

Соттун айтымында, мындай чечим жабырлануучу тарап менен тил табышууга байланыштуу кабыл алынган.

Шейшемби күнү, 24-январда акын Болот Назаров сот залынан бошотулду.

Ноябрь айында Болот Назаров мал уурдаган деп айыпталганы белгилүү болгон. Ал 9-ноябрда кармалып, эки айдан ашык СИЗОдо болгон. Прокурор Назаровду жети жылга эркинен ажыратууну сурады.

Буга чейинки отурумдарда жабырлануучулар Болот Назаровго эч кандай дооматтары жок экенин бир нече жолу билдиришкен. Бирок ал 2022-жылдын ноябрь айынан бери камакта — дээрлик үч ай.

24-январдагы сот отурумуна 15 жаштагы жабырлануучу дагы катышып, акынга дооматы жок экенин билдирген.

Буга чейин акын башка иш боюнча айыпталуучу болгон. Былтыр январь айында Назаров гашиш менен кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, кыз укук коргоо органдарына кайрылып, Болот аттуу адам аны баңгизат колдонууга көндүргөнүн билдирген. Ушул эле иш боюнча Болот Темиров дагы кармалган. Мунун баары Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн бизнеси тууралуу жарыяланган журналисттик иликтөөлөрдүн фонунда болду.

Добавить комментарий