Бишкектин түштүк тарабында таза сууга убактылуу чектөө киргизилди

Борбор калаадагы суу менен камсыздоо татаал кырдаалда «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы чара көрүүгө жана түнкүсүн ичүүчү сууну берүүнү убактылуу токтотууга аргасыз болууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, бул чектөөлөр абал жакшырганга чейин күчүндө болот. Борбор калаанын түштүк кичи райондорундагы, ошондой эле Ынтымак жана Ала-Арча конуштарындагы турак үйлөрдүн жогорку кабаттарына саат 23:00дөн 06:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу берилбейт.

Муниципалитеттин жетекчилиги Бишкек шаарынын тургундарынан кечирим сурайт жана мындай чаралар аргасыз экенин белгилейт, анткени шаарды туруктуу суу менен камсыз кылуу үчүн суу сактагычтарды толтурууну камсыздоо зарыл.

Чектөөлөр борбордун стратегиялык маанилүү объектилерине жана саламаттыкты сактоо системаларына жайылтылбайт.

Добавить комментарий