Бишкектин ПМКБда бош орундарды ээлөөгө сынак жарыяланды

Бишкек шаарынын патрулдук башкармалыгы бош кызмат орундарын ээлөө үчүн сынак жарыялады, ага жарандардын катышуусуна уруксат берилет.

Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККБ басма сөз кызматы билдирди.

Улук жана кенже жетекчи кызматтарда 57 бош орун бар. Айрым жетекчилик жана жогорку кызматтарды ээлөө үчүн ички иштер органдарында кызмат өтөө тажрыйбасы талап кылынат. Мисалы, бөлүм башчы болуу үчүн 10 жылдан кем эмес тажрыйба керек.

Сынакка катышуу үчүн, анын ичинде жарандардан документтер үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрына чейин Бишкек шаары, Чокана Валиханов көчөсү, 1а дареги боюнча ЖКККБ кадрлар бөлүмүндө кабыл алынат.

Кошумча маалымат жана тактоолорду алуу үчүн 63-12-75 (кадрлар бөлүмү), 63-09-01 (нөөмөт бөлүмү) телефондоруна кайрылса болот.

Жумуш издегендерге коюлуучу талаптар тууралуу кененирээк маалымат – ЖКККБ сайтында.

Добавить комментарий