Бишкектин пенсионерлери үчүн жаңы “Тулпар” карталары даярдалды

Бишкектин пенсионерлери үчүн жаңы персоналдаштырылган “Тулпар” транспорттук карталары чыгарылды, деп билдирди борбор калаанын мэриясы.

Муниципалитет шаарда каттоосу бар пенсионерлерге транспорттук карталарды сатып алуу же аларды жаңысына алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылат.

Муниципалдык коомдук транспортто бекер жүрүү үчүн негиз болуп жеңилдик алууга укугу бар ээсинин фамилиясын, атын, атасынын атын, сүрөтүн көрсөтүү менен жекелештирилген «Тулпар» картасы саналат.

Картаны атайын тейлөө борборлорунда алмаштырууга болот:

  • Ленин районунун борбору – Чүй проспектиси, 315 (райондук администрациянын имараты);
  • Свердлов районунун борбору – Чүй проспектиси, 28 (облустук администрациянын имараты);
  • Октябрь районунун борбору – Байтик Баатыр көчөсү, 17 (райондук администрациянын имараты).
  • Борборлор дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

“Тулпар” долбоору боюнча суроолоруңуз болсо (0312) 58-20-00 телефону боюнча чалуу борборго кайрылыңыз.

Добавить комментарий