Бишкектин мэри Казакстандын элчиси менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев жолугушуу өткөрүп, анда башаламандыктар учурунда казакстандыктарга жардам көрсөткөн ыктыярчылардын салымын белгилешти.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Казакстандын жетекчилигинин атынан Бишкек шаарына өлкөдөгү туруксуз саясий кырдаал учурунда Казакстандын жарандарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мэр бишкектиктер өз кезегинде учурда Казакстанда жүргөн мекендештеринин тагдырына, ошондой эле кыргызстандык дипломаттар Бишкекке кайтарып берген Чолпонбек Сыдыковдун ден соолугуна абдан тынчсызданып жатканын белгиледи.

Ал Бишкек шаарынын мэриясы боордош элди колдоо менен тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотууга жана чыңдоого көмөк көрсөтүүгө ар дайым даяр экенине ишендирди.

Тараптар мындан ары кызматташууну бекемдөө жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн да белгилешти.

Мындан тышкары, коомдук маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшкөн жана казакстандыктарды колдоодо активдүү жарандык позицияны көрсөткөн волонтерлордун ишмердүүлүгү белгиленди. Аларга борбор калаанын мэриясынын жана Казакстандын элчилигинин ыраазычылык каттары тапшырылды.

Добавить комментарий