Бишкектин Ленин районунда мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде коркунучту билдирүүчү баскычтар орнотулду

Бишкек шаарынын мэриясы мектептер жана мектепке чейинки мекемелер үчүн коркунучту билдирүүчү баскычтар сатып алуу боюнча келишимдерге кол койду.

Борбор калаанын Ленин районундагы мектептерде жана бала бакчаларда балдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо үчүн сигнализация орнотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, КР ИИМдин күзөт кызматынын борбордук көзөмөл станциясына туташтыруу менен коркунучту билдирүүчү баскычтарын орнотуу үчүн бюджетке бир миллион сом бөлүнгөн. Ал эми алар буга чейин мамлекеттик сатып алуулар порталында бул кызматтарга сынак өткөрүшкөн — «Информ-Плюс» ЖЧКсы менен 935 миң 424 сомго эки келишим түзүлгөн.

Жалпысынан Ленин районунда 31 мектеп, 20 бала бакча жана балдар борбору бар. Түзүлгөн келишимдердин жыйынтыгы боюнча буга чейин 30 мектепте, 18 бала бакчада жана борбордук балдар борборунда сигнал кнопкалары орнотулган.

Объектилерди кармоого жана коргоого бюджеттен 3 млн 162 миң 816 сом бөлүнүп, КР ИИМдин күзөт кызматы менен келишим түзүлгөн. Ал объект консолго кабыл алынгандан тартып ал консолдон чыгарылганга чейин сигналдын абалын борборлоштурулуп көзөмөлдөйт.

Жаңыдан курулган No97 орто мектепте жана No18 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде коркунучту билдирүүчү баскычтар орнотула элек. Бул эки объектти камтуу үчүн сигнализацияны орнотуу боюнча кайра-кайра сынак жарыяланат.

Добавить комментарий