Бишкектеги түтүн: Кыргызстан сырттан ташылып келген көмүрдүн сапатын текшергиси келет

Эксперттер рейд учурунда алынган көмүрдүн үлгүлөрүн изилдөөнү каалашат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектин экологиялык абалын жакшыртуу боюнча рейддерди улантууда.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 24-январда ТЭЦ жана башка көмүр сатуучу жайлардын мамлекеттик инспекторлору Бишкекке ташылып келинген көмүрдүн радиациялык фонун өлчөө жана сапатын аныктоо боюнча рейд жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жаратылыш ресурстар министрлигинин айлана-чөйрөгө мониторинг департаментинин инспекторлору тарабынан тиешелүү изилдөөлөр үчүн көмүрдүн үлгүлөрү алынды.

Жыйынтыгы бир жумадан кийин чыгары белгиленген.

Ошондой эле экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын адиси тарабынан көмүрдүн радиациялык көрсөткүчү текшерилип, тиешелүү нормадан бир топ төмөн экени аныкталган.

Добавить комментарий