Бишкектеги Түркия элчилигинин жанында унаа жардырылган – бул теракт эмес

Бишкектеги Түркия элчилигинин жанындагы унаанын жарылышынын терактка тиешеси жок. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМи билдирди.

Автоунаа Тыныстанов көчөсү менен бара жатып түтүндөй баштаган. Башкармалыктын айтымында, окуя Mazda Demio унаасынын техникалык бузулушунан улам келип чыккан жана теракт версиясы жокко чыгарылган.

Бүгүн, 13-декабрда түштөн кийин Бишкектеги Түркия элчилигинин жанында Mazda Demio үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти. Бирок КР ИИМ болгон окуянын терактка эч кандай тиешеси жок экенин ырастоодо.

Айдоочу унааны өрт чыга электе таштап кеткен, окуяга күбө болгондордун жана өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетине карабай унаа толугу менен күйүп кеткен. Жабыркагандар болгон жок.

Добавить комментарий