Бишкектеги мугалимдер айлыктарын качан алышат?

Бишкектеги мугалимдер дагы эле өргүү акысын ала элек. Бул тууралуу алардын бири – №61 мектептин мугалими билдирди.

«Мектепте акча каражаты билим берүү мекемесинин эсебине которула элек деп айтышат», – деди ал.

Борбор калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев Биринчи Май районунда төлөө көйгөйлөрү келип чыккандыгын айтты.

“Июнь айында биз толугу менен каржыладык, бирок райондук билим берүү борборунда бухгалтерлер жок болчу: кимдир бирөө ооруп, бирөө алыстан иштеп жатты. Алар кетерден бир күн мурун бардык эсептөөлөр жүргүзүлүп, каражат бүгүн билим берүү мекемелеринин эсебине түшүшү керек”, – деди ал.

Белгилей кетсек, жергиликтүү бюджеттин эсебинен эмгек акы борбордук билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине гана төлөнөт, калгандары республикалык фонддордун эсебинен төлөнөт. Май айында мэрия буга чейин мугалимдердин айлык акыларын төлөөдө көйгөйлөргө туш болгон. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык бюджетте мугалимдердин эмгек акысын жогорулатууга 2019-жылы каражат каралган эмес. Бишкек бийлиги дароо өкмөткө шаардын мамлекеттик бюджетинен максаттуу трансферттер түрүндө каражаттарды бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Июнь айынын аягында БШК депутаттары мугалимдерге эмгек акы жана өргүү акысын төлөө үчүн республикалык бюджеттен насыя алууну бекитти.

Добавить комментарий