Бишкектеги мейманканалардын биринде пневмония менен ооругандар үчүн бейтапкана ачылат

Бишкектеги мейманканалардын биринде пневмония менен ооруган үчүн бейтапкана ачылат. Бул тууралуу эл депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.

Анын айтымында, 40 бөлмөлүү мейманкананы “Республика” партиясынын экс-лидери, азыр бизнесмен Өмүрбек Бабанов ижарага алган. «Ал беш дарыгерге жана 15 медайымга айлык төлөйт. Ошондой эле алар үч маал тамак менен камсыз болушат. Бул убактылуу бөлүм күн сайын дезинфекцияланат», – деди Мирлан Жээнчороев.

Анын айтымында, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов, ӨКМдин өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова жайларды текшерүүгө келишкен. Алар идеяны жактырышты. Мейманкана орто жана жеңил оорулары бар бейтаптарды жайгаштырат.

 

Добавить комментарий