Бишкектеги «Физкультурный» сейил багы «Достук» паркы деп аталышы мүмкүн


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/11/speech-80060-1668053961-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

 

Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата эски аянттын атын өзгөртүүнү сунуштады.

Борбор калаада Кыргызстан менен Түштүк Кореянын достук аянты пайда болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында белгилүү болду.

Жыйында Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ сөз сүйлөдү. Ал быйыл эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толуп жатканын эске салды.

«Ушул мезгилдин ичинде жана быйылкы жылы көптөгөн маданий-гуманитардык иш-чаралар өткөрүлдү. Ал эми быйылкы жылды орчундуу окуя – Физкультурный паркын Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук паркы деп өзгөртүү менен жыйынтыктасак жакшы болмок», – деди ал.

Маселени талкуулоодо депутат Казыбек Эргешов Корея жашыл аймакты жакшыртууга инвестиция жумшайбы деген суроону койду. «Ал жерде көбүнчө эмен дарагы өсөт, жайында саргайып кетет. Ал жерде ирригациялык система жок», – деди ал.

БГКнын төрагасы Куванычбек Конгантиев белгилегендей, азыр атын өзгөртүү маселеси турат. Анын айтымында, буга чейин корея тарап паркка 20 миң долларга жакын инвестиция салган.

Жыйынтыгында депутаттар парктын аталышы боюнча токтом долбоорун жактырышты.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган сейил бактын расмий аталышы жок экени айтылып, КМДСА имаратына жакын жайгашкандыктан «Физкультурный» деп аталып калган.

Добавить комментарий