Бишкек шаарынын мэриясы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жылуулук берүү токтотула баштаганын билдирди. «Бишкек шаарында 2023/2024-жылдардын жылытуу мезгилин аяктоо жөнүндө» жылдын жылуу мезгилине жылуулук берүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ай ичиндеги аба ырайына жана учурдагы сырткы абанын температурасына ылайык, жылуулукту бүгүн, 25-марттан баштап өчүрүү чечими кабыл алынды.
Бул жылуу мезгилдин жакындап калганына байланыштуу жасалган алдын алуу чарасы.
Ошондой эле, 24-мартка караган түнү Ош шаарында да ушундай эле чаралар көрүлүп, жылуулук берүү токтотулганы айтылат.