Бишкекте журналист Сатыбалдиева пара талап кылган деген шек менен кармалды

Бишкекте журналист Санрабия Сатыбалдиева пара талап кылган деген шек менен кармалды. Азыр боюнан түшүп калуу коркунучунан улам ооруканада жатат.

3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнү Бишкекте журналист Санрабия Сатыбалдиева кармалды. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазды, деп жазат 24.kg.

Анын айтымында, кыздын боюнда бар жана боюнан түшүп калуу коркунучу бар. Бирок ага карабай 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалды.

Камактагы кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиеванын абалы камакка алынгандан кийин начарлап кеткен. Ал ооруп, ооруканага жеткирилген.

Аны милиция бөлүмүнөн алып кетишкен ооруканада дарыгерлер боюнан түшүп калуу коркунучу бар экенин эскертишкен.

Кыргызстандын ИИМи Санрабия Сатыбалдиева пара талап кылганы үчүн кармалганын билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, бир катар адамдар Жогорку Кеңештин депутаттарын 2016-2017-жылдардагы аудиожазууну социалдык тармактарга жарыялоо жолу менен шантаж кылып, акча талап кылышкан.

ИИМден билдиришкендей, негизги аткаруучу Сатыбалдиева, ал депутат Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери болуп дагы иштейт.

3-ноябрь күнү Сатыбалдиева чынжыр боюнча 2000 доллар которуп жаткан жеринен “Мир24.kg” оператору Б.у.К. жана «Жорго таксинин» айдоочусу Өзбекстандын жараны М.М.Х. кармалган. 

Учурда тергөө иштери жүрүп, кармалгандар күнөөсүн мойнуна алышты.

Сатыбалдиеванын кармалышы боюнча депутат Тазабек Икрамов: «Менин билишимче ага дагы бир журналист арыз жазып, анын Кемпир-Абад суу сактагыч боюнча айткандарына таянып, Шаирбек Ташиев тууралуу социалдык тармактагы кандайдыр бир материалды же билдирүүнү өчүрүүнү суранган».

Ал белгилегендей, Сатыбалдиева буга чейин УКМКга суракка чакырылып, соцтармактардагы билдирүүлөрү үчүн «коркутулган».

«Камактын өзү абдан таң калыштуу. Чабармандын ролун дагы Өзбекстандын жараны болгон таксист аткарган. Мен анын камалышын уюшкандык деп эсептейм», — деп жыйынтыктады Икрамов.

“Мир24.kg” маалымат агенттигинин башкы директору Санрабия Сатыбалдиева ушул жылдын жаз айынан бери Бишкек шаарында жашап, ага чейин Жалал-Абад облусунда «Аймак», «Взгляд» гезиттеринде жана «Чолпон ТВ» телеканалында иштеп келген.

Добавить комментарий