Бишкекте жашы жетелектердин иштери боюнча инспекторлору үчүн тренинг өттү

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы квалификациясын жогорулатуу максатында жашы жетелектер менен иштөө инспекторлоруна тренинг өткөргөнүн билдирди.

«Милициянын демократиялык принциптери, трансулуттук коркунучтардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу» семинарын ИИМдин жашы жетелектер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова жана ИИМ Академиясынын административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын окутуучусу Азамат Абдрахманов жана доцент Шамшыбек Мамыров өткөрүштү. 

“Бул тренинг-семинардын максаты – демократия принциптерине негизделген жашы жетелектер менен иштөө инспекторлорунун потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу, эл аралык коркунучтардын алдын алуу, жашы жете электерди экстремизмге тартуу, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана психоактивдүү заттардын жаңы түрлөрүнүн алдын алуу. Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана убактылуу коргоо ордерлерин берүү, узартуу жана контролдоо боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуу, ошондой эле окутуу, методикалык жана видео материалдар менен камсыздоо”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, ИИББ учурда жашы жете электердин иштери боюнчаинспекциянын кызматкерлери мектеп окуучулар жана ата-энелер арасында профилактикалык иш-чараларды активдүү жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.

Добавить комментарий