Бишкекте жана Токмокто “Коопсуз шаар” камералары орнотулууда

Фото жана видеокамералар «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкектин үч кесилишине жана Токмоктун алты кесилишине орнотулууда.

Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аппараттык жана программалык системалар үчүн атайын структураларды жана видео байкоо системасын орнотуу боюнча иштер башталды.

Бишкекте камералар кайда пайда болот:

  • Тыналиев – Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Токтоналиева – Масалиева;
  • Токомбаев – Жукеева -Пудовкина.

Токмокто камералар төмөнкү кесилиштерде пайда болот:

  • Сарбагыш – Ленин;
  • Шамсинская – Ленин;
  • Гагарин – Шамсинская;
  • Ибраимова – Дунларова;
  • Ибраимова – Дубовицкая;
  • Жантаева – Шамсинская.

Министрлик көчөлөрдө автомобилисттер ылдамдык чегинен ашкан жана машиналардын көп агымы болгон жерлкрде камералар орнотулганын белгилейт.

Камераларды орнотуу жерлери комиссия тарабынан аныкталат, анын курамына ИИМдин ЖКККБ, КР Транспорт жана жолдор министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кирет.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкек, Ош шаарларын, бардык региондорду – 15 аймактык маанидеги шаарларды жана 73 калктуу конуштарды камтышы керек.

Экинчи фазаны 2022-жылдын 10-мартында бүтүрүү пландалууда. Ал 306 чекитти камтыйт – 266 стационардык жана 40 мобилдик.

2019-жылы ишке ашырылган долбоордун биринчи этабына ылайык, 110 аппараттык-программалык комплекс орнотулду: Бишкекте – 42, Чүй облусунун автомобиль жолдорунда – 48 жана 20 АПК.

Добавить комментарий